Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кармалган адам Бишкек шаарындагы бала бакчаны куруу иштерине байланыштуу пайдасыз келишимдерди түзгөнгөнгө шектелип жатканы маалымдалат.
"Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы келген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен иш алып барып, жалпы суммасы 70 миллион сомго жакын бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталды. Тергөө иштеринин алкагында коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси О.С кармалды" , - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 6-октябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан кармалган адамга карата бөгөт коюу чарасы каралат.