Бүгүн Москвада кыргыз мушкери Канат Келдибеков беттешке чыгат

Бүгүн, 6-ноябрда "Тайсон" каймана аты менен таанымал белгилүү кыргыз мушкери Канат Келдибеков "АСА 113" турниринин алкагында Москва шаарында беттешке чыгат. Бул турнирде "Тайсон" күчтүү деген орусиялык мушкер Александр Матмуратов менен беттешет.

31 жаштагы Александр Матмуратов өзүнүн карьерасында жалпы 14 беттешке катышса, анын 9унда жеңүүчү аталып, 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми кыргыз мушкери Канат Келдибеков өзүнүн карьерасында жалпы 20 беттеш өткөрсө, анын 15инде жеңүүчү аталып, тилекке каршы, 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00до башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Glafira
2020-11-06 15:12:08
Тайсон ийгилик досум
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан