"Маркумдун туугандары сөөктү алып кетишти". "Сулайман-Тоодон" боюн таштаган кыздын ким экени аныкталды

Ош шаарында "Сулайман-Тоодон" өзүн-өзү таштаган кыздын аты-жөнү такталды. Маркумдун жакындары жансыз денени таанышканын Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Маркум 15 жаштагы С.А. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталды. Маркумдун жакындары түндө келип, бүгүн, 6-ноябрда жансыз денени алып кетишти. Өспүрүмдүн Ошко кантип келип калганы азырынча белгисиз", - деди мекеменин маалымат катчысы.

Буга чейин 20-25 чамасындагы кыз Сулайман-Тоодон боюн таштап, алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерден каза болгону айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kaary
2020-11-06 17:03:37
Ош чоң тамга менен жазылчуу эле мурда
+5
Chungyz
2020-11-06 19:10:40
Болсо 5 болбосо 15 болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан