Баткенде 6 баллга, Ошто 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталганын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан кабарлашкан. ӨКМнын маалымат кызматынан жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдиришти.

"Саат 13:38де Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош шаарында 3 баллга чейин, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында, Пүлгөн айылында 6 баллга чейин, Кызыл-Кыя шаарында жана Тамаша, Орозбеков айылдарында 5 баллга чейин, Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат, Жаңы-Ноокат айылдарында, Араван районунун Араван айылында 3 баллга чейин сезилген", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mubarak
2020-11-06 17:11:45
Жаман болдуго...качып жонодук :)кудайым сактасын
+5
JaneEr
2020-11-06 17:54:49
Мен катып калдым,уйдо элем шок болуп)).Кудай сактасын.
+3
Sofiya05
2020-11-06 19:05:36
Мен да үч баламды кучактап эле отуруп калдым.
+3
Almazhhhh
2020-11-07 06:22:18
Sofiya05,Балдарынын омурун берсин.
+1
aliya-leyla
2020-11-06 20:22:49
Кудай сактасын кырсыктан
+1
Ali-5
2020-11-06 20:24:28
Жума намаз окуп жатканда болду. Өлсөмда жакшы акыбалда өлөм деп кооптонгон жокмун.
+2
Nadirabeby
2020-11-06 20:56:55
Кудай сактасын Баткенде анча билинген жок бирокбалдарым менен отурган жерде келме келтирип туруп калдык
+2
futboler
2020-11-06 20:58:33
Ошон үчүн пейлибизди оңдойлу туугандар, бул да болсо кудайдан эскертүү.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан