Конор Макгрегор UFC'деги карьерасында жалпы канча каражат тапканы белгилүү болду

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC уюмундагы карьерасы үчүн жалпы 15 миллион доллардан ашык киреше тапкан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Макгрегор UFC'деги биринчи беттешин 2013-жылы өткөргөн. Биринчи 6 беттешинде ирландиялык мушкер 500 миң долларга жакын киреше тапкан. Ал эми америкалык мушкер Нейт Диас менен биринчи титулдук беттешинде 1 миллион доллар алса, реванш үчүн 3 миллион доллар алган.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттеш үчүн Макгрегор утулгандыгына карабастан 3 миллион доллар алган. Ошол эле учурда 2020-жылдын январь айында өткөн Дональд Серроне менен болгон беттеште 5 миллион доллар каражат алган.

Бул каражатка телекөрсөтүү үчүн алган бонустары жана акы төлөп көрүүчү телеканалдардан алган каражаты кирген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
azamat_tabaldiev
2020-11-07 00:41:18
Кысталак мындайын билгенде мушкер болуп иштемекминда.
+4
Tiranlit1
2020-11-07 01:13:49
azamat_tabaldiev,
-5
bakut-15
2020-11-07 08:42:13
Флойт менен чыккада утулган учун 120 миллион алдбадыбеле
+2
aslan_akjol89
2020-11-07 11:06:26
bakut-15,Ал беттеш UFC ге кирбейт тууган.Ал коммерческий шоу эле.
+2
Beks0207
2020-11-07 14:56:29
биздин раим андан коп табат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан