Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан "Poland Open" аттуу эл аралык турнирине 62 килограмм салмак ченинде катышып жаткан Айсулуу Тыныбекова орусиялык атаандашы Ульяна Тукуренованы 12:3 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, турнирдин кийинки баскычына өттү.
Ал эми, ушул эле турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан Нураида Анаркулова жана Назира Марсбек кызы Венгрия менен Франциянын балбандарына утулуп калышты.
4-ноябрда башталган бул турнир 8-ноябрда жыйынтыкталат. Аялдар арасындагы күрөш боюнча мелдештер 6-7-ноябрь күндөрүнө белгиленген.