Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн "Poland Open" аттуу эл аралык турнирине 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту.
Тыныбекова алгачкы атаандашы орусиялык балбан кыз Ульяна Тукуренованы 12:3 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта Тыныбекова тунистик Марва Амри менен кез келди. Айсулуу Тыныбекова 8:4 эсебинде утулуп жатып беттеш бүтөрүнө 40 секунд калганда атаандашынын далысын басып таза жеңишке жетти.
Финалда Тыныбекова орусиялык балбан кызды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.