Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева чогуу "Ата-Бейитке" барышты

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.

Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жана археолог Михаил Москалевдун эрдигин, алардын аракетинин аркасында Чоң-Таш айылына жакын жерде репрессияланган 138 адамдын жашыруун жана массалык түрдө көмүлгөндүгү коомчулукка маалым болгонун белгилеген.

Эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
alym21
2020-11-07 12:57:44
Отунбаева уйундо эле отурсунчу.
+29
nazira...
2020-11-07 16:04:00
alym21, мырк болуп алыптыр го, жудоп.
+5
uz.nookat
2020-11-07 20:33:55
nazira...,мырка десен
+2
Alia82
2020-11-07 16:03:05
Эн сонун, жакшы саамалык, ушундай ынтымактуу болгулачы сураныч, суйундум коруп алып
+15
nazgul1905
2020-11-07 16:58:38
Кандай сонун угулат,экс президент деген!!! Качып кеткен дегенге караганда 100 эсе сыймыктуу!!! Ынтымагынар артып,Кыргызстаныбыз онугуп осо берсин!!!
+11
jaz99
2020-11-07 17:37:24
Аябай сонун
+9
KaGaH
2020-11-07 19:20:49
Туура ынтымакта болгула,Садыр Жапаров кандай жакшы адам,башкаларга окшоп саясий оппоненттерин куугунтукка алган жок, өмүрүңүз узун болсун ажо
+8
arimaz89
2020-11-08 06:37:16
KaGaH,туура, кең пейил киши экен. Башка мурдунан алысты көрбөгөн адам болгондо Сокени кудулайт эле...
+1
Chungyz
2020-11-07 23:54:25
Бул жерде атамбаев мадумаров текебаев бабанов болгондо чогу жаманбы жакшыбы сонун чыкмак
-2
Pankration_MMA
2020-11-08 12:01:21
Отунбаева провакаторду дагы деле ээрчитип жүрөсүңөрго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан