Нурлан Насиптин бир тууганы, ырчы Элзада Насипбекова жеке жашоосун баяндаган ыр жаздырып, ага клип тарттырды. Ырчы айымдын айтымында, өзүнүн турмушу жөнүндө ырдоону ойлонуп жүргөн. Бул тууралуу Элзада айым социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Кыялымда өзүмдүн турмушумдан алып ырдасам деп жүрчү элем. Нурланга көп жолу түшүндүрдүм, ушундай ырдасам кандай болот, обон жазып бересиңби деп. "Ооба" деп жүрүп көп жыл өтүп кеткен.
Бул ырдын жаралышы өтө сонун болду. Самат Маманов иним "атам сонун ыр жазып жатат" деди. Иним Нурлан түнү менен обонун жазып коюптур. Угуп алып аябай ыйлап алдым. Дароо эле ырды жазганга кириштик. Клипти болсо Самат Маманов иним "өзүм тарттырып берейин" деп мойнуна алды. Клип июнь айында эле тартылып бүткөн. Бирок карантин болуп, оору жайылып кетти. Анан дагы бир катар белгилүү себептер менен жылып, бүгүнкү күнгө буюруптур", - деген ал.
Клип окурмандарга тартуулангандан кийин ырчы айым "ушуну менен өткөн кайгылуу күндөрүмдүн эшигин жабайын. Калган жашоом ый менен эмес, күлкү менен улансын. Жолдошумдун жаткан жери жайлуу болуп, арбагы мага ыраазы болсун" деп кошумчалаган.
Элзада Насипбекова 2019-жылы ырдап чыккан. "Менде ырчы болуп кетем деген деле план жок. Хобби катары эле ыр жаздырып койгом. Эл эмнегедир жакшы кабыл алды, шыктанып калдым”, - деген.