Ошто чек ара кызматынын жоокери кызматтан уруксатсыз кетүүгө аракет кылып, төртүнчү кабаттан секирген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, жоокер 2020-жылдын күз айында кабыл алынган.
"Жоокер жаш жоокерлер курсунан өтүп, бөлүктөн кетүүнү чечкен. Ошол эле күнү ал кызмат ордуна кайтарылган. Кийин жоокер төртүнчү кабаттан тигилип турган дарак аркылуу түшүүгө аракет кылган. Бирок дарактын бутактары аны көтөрө албай сынып, ал кулап түшкөн. Ошол замат ага тийиштүү чара көрүлгөн. Жана ата-энеси тарабынан эч кандай доомат болгон эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган", - деп билдирет өздүк булак.
Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы тастыктап, 19 жаштагы жоокердин абалы жакшы экенин, учурда ата-энеси карап жатканын айтты. Ошондой эле аскер прокуратурасы бул ишти карап жатканы жазылат маалыматта.