Орусиянын Омск облустук милиция башкармалыгына 49 жаштагы мугалим аял арыз менен кайрылды. Аны 5-класстагы өзүнүн окуучусу сабап салыптыр. Сабак учурунда тартип бузган окуучуга бир нече жолу эскертүү бергенине карабай бейбаштагын уланта берген. Мугалим анын мектептин окуу бөлүмүнүн башчысына алып баруу үчүн коридорго алып чыкканда, окуучу күрөш ыкмаларын пайдаланып мугалиминин денесине жаракат келтиргенин орусиялык ММКлар жарыялашты. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.