"Мурас" командасы бүгүн Биринчи Лиганын чемпиону аталды. Команданын оюнчусу Жаныш Кошунбаев өз сезимдери менен бөлүшө кетти.
"Жылдыздардан түптөлгөн "Ала-Тоо" командасын жеңдик. Аларды жеңүү оңойго турган жок, алар да мыкты команда. Биз оюнга 15 күн даярдандык. Буюрса, Жогорку Лигага күчтөнүп алып чыгабыз", - деди Кошунбаев.