Түптөлгөнүнө 1 ай боло элек "Ала-Тоо" командасынын капитаны белгилүү улакчы Таштемир Майлубашов оюн тууралуу пикирин билдирди.
"Атаандаштарыбыз күчтүү экен. Биздин аттар дагы бир аз алсыздык кылды. Команда жаңы түптөлүп даярданууга дагы жетиштүү убакыт болгон жок. Буюрса, кийинки Жогорку Лиганын оюндарына мыкты даярдыкта келебиз", - дейт команда капитаны.