Блогер Элмир Сыдымановго козголгон иш боюнча соттук отурум 12-ноябрда уланат. Ал Садыр Жапаровдон жардам сурады

Блогер Элмир Сыдымановго козголгон иш боюнча соттук отурум 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда уланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына блогер өзү билдирди.

Маалыматка ылайык, анын сөздөрүнө экинчи жолу жасалган комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыккан.

"Экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Кандай жыйынтык чыкканы толук айтылбайт экен. Бирок биринчи чыгарган жыйынтыкка окшош экенин жактоочум айтты. Мындан улам 12-ноябрда кайрадан сот иши уланат. Буга чейин мага козголгон берене менен бир киши 5 жылга соттолуп кетти. Экспертизанын жыйынтыгы оң натыйжа менен чыкпагандан кийин менде кайрадан коркунуч башталды.

Мен президенттин милдеттин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылуу кылам. Ал адам 313-беренени (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) кайра жакшылап карап чыкса деген өтүнүчүм бар. Анткени бул беренеде айып салуу, пробация деген жок. Болгону 5 жылдан 7 жарым жылга чейин соттолушуң мүмкүн. Ошондуктан менин ишимди көзөмөлдөп, акыйкат чечим чыгарып бергенге жардам берүүңүздү суранам", - деп билдирет ал.

Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде иш козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Pankration_MMA
2020-11-08 13:50:50
Абалың ушул эле экенго, титиреп-калтырап жалына баштаптырсың. Ошону монитордун артында отурганда ойлонбодуң беле? Эгер сот адилеттүү иштесе анда бул бузукуну камаш керек.
+16
al-abu-kinesz
2020-11-08 14:34:36
Мындай случайда кошпой, кемитпей по закону жазасын бериш керек. Ишти кыскартып кечирим берилсе эртен дагы ушундай корунуштор чыга берет, а андай нерсе алакандай Кыргызстан учун ото кооптуу, тундук туштук ажырым пайда болуп ортодо касташууга алып барат. Суйлогонуно жооп берсин, апасынын туштук кызы экенине жамынбай.
+11
Adilet97
2020-11-08 15:50:22
Камабай штраф салдырсын крупный суммада.Камаса уй-булосун ким багат?
+1
NURSAPAR
2020-11-08 16:37:46
Камалсын кийин ойлонуп сүйлөп калат. Башка ушуга окшогон көк мээлерге сабак болот.
-1
MAKALAK
2020-11-08 18:47:34
Мирбек Атабеков да жооп берсин созуно трибунадан тушуп баратып Оштуктарды жакындатпаш керек дегенине
+7
aybek88
2020-11-08 20:01:56
MAKALAK,Эл артистигинен ажыратыш керек балапандын ш****
+15
bekbol2006
2020-11-09 05:25:43
MAKALAK,Мирбек ошондой дедиби чычкак?
0
Haanykeim
2020-11-08 19:56:58
Абалың ушул экенго..Өзүң кылган иш өз башыңа муш..Суранбай эле жазаңды өтөй бер..Балким жакшы жакка өзгөрөөрсүң..
-6
aybek88
2020-11-08 20:01:29
Асылбекти дагы жазага тартыш керек 6 октябрда Оштогу митингде аркалыктар деп болгону учун
+11
nazira...
2020-11-09 01:34:20
Эмне деди экен эле бул бала. Камалып кететургудай, анда баарын тегиз камасын да.
+1
nazira...
2020-11-09 01:36:28
Бул да атабековго окшоп аялынын аркасынан чыкты беле, акчасы батпай, гооп. Желин чыгарыш оной эле.
-1
oshondoiraak
2020-11-09 12:33:22
Бир отуруп тарбияланып чык коп эле эрке екенсин бир еки жылда мыкты болуп чыгасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан