Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча оюндардын финалдык беттештери өтүп жатат. Бул оюндар салтка айланып калгандай эле Нооруз майрамында өтүшү керек эле, бирок пандемияга байланыштуу жылдырылган. Убакыт-сааты чыгып бүгүн, 8-ноябрда турнирдин финалдык оюндарына калың эл күбө болууда. Буга чейинки оюндарга көрүүчүлөр киргизилген эмес, ал эми финалдык оюндар көрүүчүлөрдүн катышуусунда өтүп жатат.
Турнирдин башында белгилүү болгондой эле белгилүү улакчылар Сейитбек Анарбек уулу, Манас Ниязов жана бир канча белгилүү улакчылар өзүнүн командаларын алмаштырышкан.
Анда Сейитбек Анарбек уулу "Ынтымак" командасынан "Сары-Өзөн" командасына өткөн болсо, "Достуктун" көзүрү болгон Манас Ниязов жаңы түптөлгөн "Ала-Тоо" командасынын курамында оюн алып барышты.
Сейитбек Анарбек уулу Жогорку Лигада ойногон "Сары-Өзөн" командасы үчүн мыкты оюн көрсөтө алды. Акыркы 3-орун үчүн болгон беттеште ал кичине жаракат алган.
Көпчүлүктүн кумирине айланган Манас Ниязов Биринчи Лиганын финалында "Мурас" командасы менен кез келип "Ала-Тоо" командасы менен биргеликте жеңилүү ызасын тартып калды. Беттеш 3:5 эсеби менен жыйынтыкталды. Анда 3 улакты тең Ниязов салды. Финалга чыгып Жогорку Лигага жолдомо алган "Ала-Тоо" командасы алдыдагы оюндарда мыкты оюн көрсөтөт деп ишенели.
Бир канча убакыттан кийин башталчу Кыргыздын Эль-Класикосу болгон "Ынтымак" - "Достук" беттеши көрүүчүлөрдүн купулуна толобу же жокпу бирге көрөлү.
Беттештен Түз эфирди биздин порталдан көрө аласыз.