Табынан кайткан "Достук". Таластын "Ынтымак" командасы "Достук" командасын 9:2 эсебинде жеңип алды

Бүгүн, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча Президенттин кубогу үчүн болгон беттеште Жогорку Лиганын алкагында Таластын "Ынтымак" командасы чемпион аталды.

Алар атаандашы болгон Оштун "Достук" командасын 9:2 эсебинде жеңди.

Айта кетсек, 2019-жылы 9-Май - Жеңиш күнүнө карата өткөн көк бөрү боюнча Өлкө биринчилигинин Жогорку Лигасынын финалдык оюнунда салтка айланып калгандай Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы кез келип, "Достук" командасы атаандашын 1:0 эсебинде жеңип, турнирдин чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан