Бүгүн, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча Президенттин кубогу үчүн Жогорку Лигадагы финалдык оюндар өтүп жатат. Анда "Ынтымак" - "Достук" командалары кез келүүдө.
Оюндун биринчи бөлүгүндө жекеме-жеке чыгууда "Ынтымак" командасынын 3-номердеги оюнчусу Нооруз Раатбек уулу өзүнүн атаандашын чаап жиберип, ортодо пикир келишпестик орун алды. Пикир келишпестикти чечкиче биринчи бөлүк аягына чыгып, командалар тыныгууга кетти.