Бүгүн, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча өткөн турнирдин финалдык оюндары болуп өттү. Анда Биринчи Лига "Мурас" командасы, ал эми Жогорку Лигада "Ынтымак" командалары жеңүүчү аталды. Мындан сырткары номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды.
Анда Биринчи Лиганын эң мыкты оюнчусу деп Кадырбек уулу Бейшеке ("Мурас") аталса, мыкты күлүк деп Манас Ниязов ("Ала-Тоо") чапкан Шторм аталды.
Ал эми Жогорку Лигада Мелисбек уулу Нуржан ("Ынтымак") мыкты оюнчу аталды. Ал эми Жогорку Лиганын мыкты тулпары деп "Достук" командасындагы Майрамбек Рыспеков минген Пегас табылды.