Бүгүн, 9-ноябрь саат 09:00гө карата 1 доллардын баасы дээрлик 84 сом 36 тыйынга жетти.
Өлкөнүн коммерциялык банктарында долларды сатып алуу 83 сом 65 тыйындан 83 сом 96 тыйын болсо, долларды сатуу 84 сом 5 тыйындан сомдон 84 сом 36 тыйынды түздү. Мындай маалымат "Акчабар" финансы порталына жарыяланган.
Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 83 сом 81 тыйын деп көрсөтүлгөн.