Бишкек мэриясынын кызматкерлери, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев баш болуп жаңы жылдык фейерверктерди жана жаңы жылдык жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну пландап жатышат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымат таратты.
Анын айтымында, жаңы жылдык майрамдарда шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты жасалгалоо үчүн колдонууга жараган нерселердин бардыгы колдонулат, бирок жаңы жасалгалар сатып алынбайт.
"Бардык топтолгон каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар жакыр үй-бүлөлөргө, ошондой эле биздин ардагерлерге белектерге жумшалат", - деген Чыныбаева.
Эскерте кетсек, былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова фейерверктерден баш тартууга үндөгөн.