Бишкекте дүкөндөрдүн биринен азык-түлүк уурдаганга шектелген жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда болжол менен саат 3:20 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Тоголок Молдо көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен азык-түлүктөрдү уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1967-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле түнү болжол менен саат 02:30 чамасында белгисиз жаран Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринен баасы 13 миң сомду түзгөн азык-түлүктөрүн уурдап кеткен. Мына ошол жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чарасын уюштуруп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Ж.А аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан