Темир тосмосу алынган Ак Үйдүн айланасында сейилдеп жүргөндөрдүн арасында бийлеген жаштарды да кезиктирүүгө болот.
5-6-октябрда болгон окуялардан кийин коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары Ак Үйдүн тосмосун алуу сунуштарын айтып чыгышкан. Ак Үйдүн тосмосу 6-ноябрда "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан алынып баштаган. Учурда Чүй жана Панфилов көчөлөрү тараптагы тосмолор алынып, жарандар ээн эркин кирип, Ак Үйдүн айланасында сейилдеп жүрүшөт. Тосмолорду алуу иши бүгүн да уланып жатат.