UFC: Ислам Махачев менен Дос Аньостун беттеши кайрадан токтотулду

АКШнын Лас-Вегас шаарында 15-ноябрда өтө турган "UFC Vegas 14" турнириндеги орусиялык мушкер, Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу Ислам Махачев менен бразилиялык мушкер Рафаэль Дос Аньостун ортосундагы беттеш Махачевдин жаракат алып калгандыгына байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Муну менен эки мушкердин беттеши экинчи ирет токтотулду. Биринчи беттеш 24-октябрда өтмөк. Анда Дос Аньостон коронавирус аныкталгандыктан улам беттеш кийинкиге калтырылган.

36 жаштагы Дос Аньос акыркы 5 беттешинин төртүндө жеңилип калган. Профессионалдык карьерасында ал жалпы 42 беттеш өткөрсө, анын ичинен 29 жолу жеңүүчү аталып, 13 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми, 29 жаштагы Ислам Махачев карьерасында жалпы 19 беттеш өткөрсө, анын 18инде жеңүүчү аталып, бир ирет жеңилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2020-11-10 11:44:04
Ушул Ислам пашанын эч жолу жок да, Зубайра экөөсүнүн, же турнири отмена же травма же башка себептер менен эле кара мышык аралап турат, Хабиб гана аларды тартып турбаса, Данарбек Уайт аларды давно уволит этип жибермек, бойлору кызыксыз и не прибыльный, аларга караганда Забиттики лучший.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан