Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин мугалими пара менен кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын билдиришинче, 23 жаштагы Э.А дипломдук ишти коргоого жардам бергендиги үчүн окуу жайдын мугалими 10 миң сом сурагандыгын айтып милицияга кайрылган. Түшкөн арыздын негизинде атайын иликтөө тобу түзүлүп, 10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен М.Г кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.