Сокулук РИИБинин кызматкерлери унаа уурдаганга шектелген жаранды кармашты

Чүйдүн Сокулук РИИБинин кызматкерлери унаа уурдаганга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрь күнү Сокулук РИИБине Volkswagen унаасын Орок айылында үйдүн алдына токтоп турган жеринен уурдап кетишкени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 3 күндөн кийин унаа Селекция айылынан табылган. Мындан тышкары бул кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган С.У. аттуу жаран кармалды. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан