Балбак Түлөбаев: "Муниципалдык кызматтын кызматкерлери, той-аштардан көрсөм андан ары кете бергиле"

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык мэриясында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын өтүүдө. Анда вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, мэриянын кызматкерлери жана ыктыярчылар катышууда.

"Июнь-июль айларында стационарларга кайрылгандардын саны 3500-3800гө чейин жеткен. Азыркы учурда андай абал жок. Ыктыярчыларга ыраазычылык билдиребиз. Азыркы учурда бригадаларды 10дон 20га чейин көбөйтөбүз. Абал кыйындап бара жатса, 6-оорукананы ачабыз, андан соң "Семетейди" ачабыз. Бирок ага жетпей абал жакшы болушуна аракет кылабыз.

Ушул жерден муниципалитеттин кызматкерлерине дагы айтам, той-ашка барбагыла. Аймактардан келип, ооруну жугузуп алып, башка жакка барып жуктуруп жатат. Дарыгерлерди дагы аяп койгула да. Муниципалдык кызматтын кызматкерлери, той-аштардан көрсөм андан ары кете бергиле", - деди шаар мэринин милдетин аткаруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан