Бишкекте “Манас” аэропортуна кетчү жолдо автокырсык катталып 2 адам каза тапты

26-сентябрь күнү cаат 13:30 чамасында Бишкек шаарында “Манас” аэропортуна кетчү жолдо автокырсык катталып 2 адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМ билдирет. Маалыматка ылайык, Лексус автоунаасы жогорку ылдамдыкта келип, ГАЗ-53 жүк ташуучу унаасын сүзүптүр. Натыйжада ГАЗ-53 унаасындагы эки адам каза тапты. Каза болгон жарандын биринин өздүгү такталып, ал 19 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталды. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bunny89
2013-09-28 02:38:05
жатган жери жайлуу болсун,жаш бала турбайбы((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан