Милициянын кайгуул кызматы баш ийбей зулумдук көрсөткөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-ноябрь күнү Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Юнусалиев көчөсүндө жол эрежесин бузган Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок унаанын айдоочусу кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, кызматкерлердин бирин автоунаасы менен бир нече аралыкка чейин түртүп барып, андан ары из жашырып кеткен.
Бул факты боюнча ыкчам изилдөө иш-чаралары жүрүп, жыйынтыгында Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унааны 1989-жылы туулган Н.Д. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Ал кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.