"Серенада" ырынын автору Садыралы Абдукеримовдун кызы жардамга муктаж

Көп кырдуу талант ээси, жазуучу, акын, обончу, режиссёр, журналист Садыралы Абдукеримовдун кызы Жамал Абдукеримова жардамга муктаж. Ал көп жылдан бери боордун циррозу дарты менен жабыркап келет. Алдыда көп каражатты талап кылган операция жасатууга муктаж.

"Тагдыр ушул экен ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деген туура чыгып, максаттарыма жетпей калаарымды билбептирмин. Себеби көп жылдан бери бир илдетке кабылып, жатып калдым. Акыры ажалга тике карап, дарылануу үчүн Түркияга жумушка кеттим. Себеби илдет менен күрөшүүгө өтө көп акча керек экен. Көп иштебей эс-учумду жоготуп, ооруканага жатып калдым. Көрсө, менин боорум бүтүп калыптыр. Медицинанын тили менен айтканда боордун циррозу экен.

Абалым начарлап, акыры дарыгерлер трансплатация кылганга токтолушту. Ашказанда варикоздук кеңейүү болуп кан кусуп калдым. Эки жолу ашказандагы кан тамырларды байлаттым, бирок азыр дагы жасатканга туура келип жатат. Асцит - курсакка суу толуп алдырып жатам. Азыркы тапта 15 миң доллар каражат керек. Тилекке каршы, биздин үй-бүлөдө анча акча жок.

Калың элден жардам сурагандан башка аргам да, айлам да калбай калды. Мен дагы жашагым келет, жашоону сүйөм. Атамдын ырдалбаган көп ырларын аткаргым келет. Сиздердин жакшылыгыңыздарды бирге бөлүшкүм келет", - деген ал.

Ал эми Жамал айымдын бир тууган иниси Медер Абдукеримов эжеси 4 жылдан бери Түркиянын Анкара шаарында дарыланып жатканын кошумчалады.

Жамал Абдукеримова 1981-жылы Аксы районуна караштуу Кербен шаарында төрөлгөн. Атасы Садыралы Абдукеримовдун "Серенада" деген ырын ырдап чыгып, элдин жакшылыктарында кызмат кылып келген.
Садыралы Абдукеримов 2007-жылы тартылган «Кайып-Булак» көркөм тасмасынын сценарийин жазып, редакторлук милдетин аркалаган. «Кара илбирс» тасмасынын да сценарийин жазып, режиссёр-коюучу катары фильмди аягына чейин тарткан. Ал 2012-жылдын 3-март күнү 57 жаш курагында дүйнө салган.

Жамал Абдукеримовага жардам берүү үчүн:

ЭЛСОМ - 0779685668, Медер Абдукеримов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel69
2020-11-11 11:50:27
Жараткан Тенирим ден соолук берсин
-8
take_83
2020-11-12 19:39:31
Ден соолук каалаймын эртерек айыгып кет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан