"Кыргыз Почтасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты. Алар маянанын аздыгына нааразы

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте "Кыргыз Почтасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты.

Митингчилердин негизги талабы айлык маянаны көтөрүү жана ай сайын берилчү премияларды калыбына келтирүү.

Аталган ишкананын кызматкерлеринин айтымында, пандемия учурунда ар кандай шылтоолор менен аларга ай сайын төлөнчү премия алынып салынган.

"Пандемия учурунда биздин жумушубуз эч кандай солгундаган жок. Мурда кандай иштеп келсек ошол бойдон иштедик. Буга карабай жетекчилик "акча жок" деген шылтоо менен премия берүүнү токтотуп койгон. Айлыктарыбыз 2-3 айлап кечиктирилип жатты. Азыркы тапта деле маяналарыбызды толук алып бүтө элекпиз. Мындан сырткары кызматкерлердин санын кыскартуу керек деп жатышат. Башкы директордун 3 орун басары бар. Угушубузга караганда алар 40 миң сомго чейин айлык алышат. Кыскартууну мына ошолордон баштасын, 5-6 миң сом алган жөнөкөй кызматкерлер ансыз да жетишпей жатабыз", - деди ишкананын кызматкерлеринин бири.

Митингчилер коюлган талаптар аткарылбаса, жетекчиликтин отставкасын талап кылышарын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaz99
2020-11-11 13:50:59
Дал ушул кыргыз почтасында иштегендерде коррупция тамырлаган ар бир пасобия тапшырган келиндерден канча баласы болсо ошонун 1айлыгын алып анан документ тапшыраи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан