Биз социалдык тармакта

Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкери кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитететинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-ноябрында УКМКнын коррупцияга каршы кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатканда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.Б. кармалган.

“Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1 миң АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан