Саламаттык сактоо министрлигинин алдында митинг өтүүдө. Митингдин катышуучулары "гепатит маселеси тез арада чечилсин, мамлекеттик лабораториялык текшерүүлөр акысыз болсун, мамлекеттик акысыз вакцинация, боор алмаштыруу маселеси жогорку деңгээлде чечилсин" деген талаптарды айтып жатышат. Митингге ар кайсы облустан келгендер, ошондой эле гепатит дарты менен алышып жаткандар катышууда.