Нарын жана Ош шаарларында ачылган сактык кассаларга кош келиңиздер!

"Керемет Банк" тейлөөнүн жаңы түйүндөрүн ачуу жана калкка заманбап кызматтарды сунуштоо менен аймактарда орун алуусун кеңейтүүнү улантып келет. Жакынкы күндөр ичинде Банктын филиалдык тармагы Нарын жана Ош шаарларында эки жаңы сактык кассалар менен толукталган.

Нарын шаарындагы сактык кассасы, шаардын жандуу жеринде, борбордук базардын жанында, Шуллер, 24-А көчөсүндө орун алуу менен кардарлар үчүн иш күндөрү саат 8.30дан тартып 17.30га чейин ачык (кассалык тейлөө - саат 9:00дөн 17:00гө чейин).

Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин, ишемби жана жекшемби күндөр – дем алыш күндөрү болуп саналат.

Ош шаарындагы сактык кассасы, Масалиев көчөсү, 44 дареги менен “Келечек” базарынын соода ыргагынын чок ортосунда, ыңгайлуу жайгашкан жана кардарларды иш күндөрү саат 8.30дан тартып 16.30га чейин (кассалык тейлөө - саат 9:00дөн 16:00гө чейин), ишемби күнү – 9.00дөн 15.00гө чейин (касса - 14:30га чейин) кабыл алууга даяр.

Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин, жекшемби күн – дем алыш. Тейлөөгө алуунун эки түйүнү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга банктык ишкердиктин бардык багыттары боюнча кызматтарды сунуштап келет, алсак: эсептешүү-кассалык жана валюта-алмаштыруу операциялары, төлөмдөрдү кабыл алуу, аманаттар, насыялар, мөөнөттүү акча которуулары, улуттук жана эл аралык тутумдардын төлөм карттарын чыгаруу жана тейлөөгө алуу, ошондой эле башка таламдуу кызматтар.

Эки сактык кассасынын аймагында 24/7 ыргагында иштеген банкоматтын орнотулгандыгы да артыкчылыктуу болуп саналат. Өнүгүү стратегиясынын алкагында, аймактардагы калктын банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана заманбап санарип чечимдерди киргизүү менен банк өлкөнүн каржы рыногундагы өз позицияларын мерчемдүү негизде бекемдеп келет.

Жаңы жана иштеп турган сатуу түйүндөрүнүн иш алып баруусу тууралуу толук маалыматты (0 312) 55 44 44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-болборго чалып, (0 557) 55 44 44 WhatsApp номерине жазып же банктын сайтынан тактап алууга болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан