Буга чейин гепатит оорусу менен жабыркагандар, алардын жакындары Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышканы маалымдалган. Анда митингдин катышуучулары гепатит оорусуна чалдыккандардын маселеси тез арада чечилүүсүн талап кылып чыгышканы кабарланган.
Нааразычылык акциясынын катышуучулары саламаттыкты сактоо министри алардын талаптарын угушун талап кылышты. Андан соң министрликтин өкүлдөрү сыртка чыгып, нааразылык акциясына чыккандарды имараттын ичине киргизип, талаптарын угууда.
Алар гепатит оорусуна чалдыккан жарандар үчүн дары-дармектин баасынын кымбаттыгы, лабораториялык изилдөөлөрдүн кымбаттыгы, гепатит дарты көбөйүп жатканы жана чет өлкөдө жасалчу операциялардын баасын арзандатып берүү боюнча маселелерди айтып жатышат. Министрликтин өкүлдөрү берилген суроолорго жооп берүүдө.