Гепатит оорусу менен жабыркагандардын митинги: Министрлик бейтаптардын талаптарын 1-2 күндө карап берерин билдирди

Бүгүн, 11-ноябрда гепатит оорусу менен жабыркагандар, алардын жакындары Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.

Анда митингдин катышуучулары гепатит оорусуна чалдыккандардын маселеси тез арада чечилүүсүн талап кылып жатышканы кабарланган.

Митингге чыккандардын суроолоруна Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жооп беришти.

"Билген маалыматтарга таянсак, азыркы учурда Кыргыз өлкөсүндө болжолдуу түрдө жарым миллион адам гепатит менен ооруйт. Гепатит В менен 300 миң, гепатит С менен 100 миң адам ооруйт, мындан сырткары үйүнө айтпай, жашырып дарыланып жүргөндөр менен 500 миңге жакын адам ооруйт экен. Эгер мораторийди (буга чейин сулуулук салондорду, чач тарачтарды текшерүүгө болбойт деп койгон экенбиз) жок кылбасак, көбөйүп кетиши мүмкүн. Мораторийди карап бериңиздер", - деди нааразычылык акциясына чыккандардын бири.

"Такыр эле текшерилбей калды дегенден дагы алыспыз. Аларга Санитардык-эпидемиологиялык борборлор бар эмеспи, ошолордон уруксат берилет. Бир-эки жылдан бери мораторий болбой калды. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Учурда ковид инфекциясы болуп калып эле көтөрүлгөн маселелер ачык турат. Баары, өкмөт дагы коронавирус маселелери менен алек болуп жатат. Бул маселе азыр ачык бойдон турат", - деп жооп берди жарандын суроосуна Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова.

"Гепатит менен ооругандар чет өлкөдө, көпчүлүгү Индияда операция жасатат. Ал эми ал жакта операциянын баасы кымбат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен ал жактагылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, арзандантып берсе болобу?" - деген суроо нааразычылыкка чыккан тараптан берилди.

"Бул боюнча чет өлкөдө ооруканалардын көпчүлүгү менчик болгондуктан, алар менен бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү татаалдыктарды жаратат", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калмаматов.

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелерди министрге жеткирерин, 2-3 күндүн ичинде карап берүүгө аракет кыларын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2020-11-11 17:22:57
Ошол аппараттарды сатып келип, медиктер өздөрү эле Кыргызстанда деле дарыласа болбойтпу?
+1
-FREEDOM-
2020-11-11 18:55:12
Кырылып бутмой болдукко. Ата бар,энене бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан