Бишкекте алдамчылык, унаа уурдоо, уурулук жана денеге оор залал келтирүүгө шектелген жарандар кармалды

Милиция кызматкерлери алдамчылык, унаа уурдоо, уурулук жана денеге оор залал келтирүү фактыларына шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрь күнү Свердлов РИИБине Т. С аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран алдамчылык жол менен анын ишенимине кирип, 17-октябрда 1 миң 400 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып, из жашырып кеткен.

Ошондой эле Свердлов РИИБине дагы Р.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда "Н" аттуу жаран 25-октябрда саат болжол менен 16:00дө "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унааны оңдотуп берем деген убада менен унааны алып, 5 миң 500 долларга сатып жиберип, из жашырып кеткен.

Мындан тышкары, Свердлов РИИБине дагы А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда сентябрь айынын башында "Н" аттуу жаран Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан үйгө жылуулук коюп берем деген убада менен 45 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, белгисиз жакка качып кеткен.

Ушундай эле маселе менен 24-апрель күнү Свердлов РИИБине С.С аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда "У" аттуу жаран 10 миң доллар бөлүп төлөө катары берип, калган 22 миң долларды бир айдын ичинде кайтарып берүүнү убада кылып, алдоо жолу менен "Ауди Q7" үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган. Кийин ал дайынсыз болуп кеткен.

"Жогорудагы аталган бул факттар Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "Алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектелип, 1987-жылы туулган Ч.З аттуу жаран, 1987-жылы туулган Д.Д атту жаран, 1984-жылы туулган Ш.Н жана 1970-жылы туулган Э.У аттуу жарандар кармалып, тергөө абагына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан