Жалал-Абад облусунда жаранды опузалап ири суммада акча талап кылгандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБине Сузак районунун 29 жаштагы тургуну кайрылган. Арызда Сузак районунун тургуну арыз ээсин “атаң кумар ойноп, 4 миллион 300 миң сом акча карызы бар, ошону сен бересиң, болбосо өлтүрөм, үй-бүлөңө тынчтык бербейм” деп опузалап коркутушкан. 6-ноябрь күнү аталган жаран эки шериги менен келип, "жер үлүшүңдү менин атыма өткөрүп бер жана 700 миң сом акча бересиң" деп айтып, кетип бара жатып 5 миң сом акча алып кетишкен.
Аталган арыз боюнча топтолгон факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү ишинде Сузак районунун 40 жаштагы тургуну У.Д. жана Чоң-Алай районунун 38 жаштагы тургуну А.Б. жана 43 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну Бишкек-Ош авто жолундагы унаа токтотуучу жайлардын биринен 110 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Шектүүлөрдүн бири ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган.
Жалал-Абад шаардык соту шектүүлөрдүн бирөөсүн 2 айга камакка алган жана экинчисин үй камагына чыгарган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.