Финпол: "Мамлекеттик казына 280 миллион сомго толукталды"

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мамлекеттик казынаны 280 миллион сомго толуктады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган сумма мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштердин алкагында өндүрүлгөн.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧКсына карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча ушул жылдын октябрь айында 281 миллион сомдон көп өндүрүлгөн.
Азыркы убакта Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоо, экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2020-11-11 16:56:27
Банкка ар түшкөн, же которулган акчалардын чегин да сүрөткө тартып маалыматка кошо жүктөп турса анан ишенет элдер. Жөн эле сөз түрүндө "тигинче которулду, мынча түштү" дей бергени албетте күмөн жаратат.
+9
Asmat84
2020-11-11 18:46:01
Кагаз жүзүндө бар
Факт жүзүндө жок го
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан