"Боорумду алмаштыруу үчүн 60 миң доллар сарпталат экен". "Серенада" ырынын автору Садыралы Абдукеримовдун кызы илдети тууралуу айтып берди

Жазуучу, акын, обончу, режиссёр, журналист Садыралы Абдукеримовдун кызы Жамал Абдукеримова жардамга муктаж экени маалымдалган.

Учурда Түркиянын Анкара шаарында дарыланып жаткан Жамал айым менен байланышканыбызда илдетке кантип, качан кабылганын айтып берди.

"Илдет менен күрөшүп келе жатканыма 10 жылдан ашып калды. Кичине кезимде дарыгерлердин айынан вирустук гепатиттин В түрүн жуктуруп алып, дарыланып чыккам. Бирок тилекке каршы, турмушка чыкканда кайрадан оорум күч алып, боюмдагы баламды да 5 айлыгында алдыргам. Себеби же баланын же өзүмдүн өмүрүмө зыяны тиет дешкен. Бул оору желегин булгалабайт экен, билинбей эле өнөкөткө айланып кетти. Азыркы учурда боордун циррозу илдетинин акыркы стадиясы менен жабыркап жатам. Боордун функциясын өт аткарып, башка органдарымды акырындап өлтүрүп жатат. 2 жылдан бери 2 жолу ашказаныма мини операция жасаткам. Тилекке каршы, ашказанымда варикоздук кеңейүү болуп кан кусуп жатам. Эми дагы ашказаныма операция жасатыш керек дешти дарыгерлер.

2-3 жылдан ашып калды курсагыма суу толуп (ацсит) алдырып турам. Түркия шаарында "Медикал парк" клиникасында дарыландым. Боорумду алмаштыруу үчүн 60 миң доллар сарпталат деп жатышат. Андай акча түшүмө да кирген эмес. Азыркы учурда калкымдан жардам сураганга туура келип жатат. Бирок мен 15 миң доллар гана сурадым. Себеби бул бир эле трансплатациянын акчасы. Донорду өзүм табам деген ой менен ушул сумманы эле сурап жатам. Кыргыз элим деле азыр оор акыбалда, донор табылабы, табылбайбы белгисиз. Азыркы тапта дагы 2 варикоз ачылыптыр (кан тамырлар жарылып).

Боорго ашказандын кандай тиешеси бар деп сурап жатышат, түздөн-түз тиешеси бар экен. Боорум трансплатация болгондо кан кусканым токтойт. Азыр мен трансплатация бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатам", - деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар:

Элсом 0779685668 - Медер Абукеримов;
5276820275892708 - Зираат Банк,Түркия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurbany
2020-11-14 09:50:30
Сакайып кетсин
+8
mirbek2211
2020-11-14 12:37:29
Кудайдан анан элден жардам болуп эртерээк айыгып кетсин.
+9
Sara1993
2020-11-15 14:45:58
эл журт жок дегенде 10-20 сомдон болсо дагы которуп койолучу, сураныч!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан