Бишкектин Ахунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде контейнерде өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 21:10до чектөөгө алынып, саат 22:15те өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болгон, учурда анын ким экендиги такталууда.