Бишкекте вагондон өрт чыгып бир киши каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, окуя кечээ, 11-ноябрда Токтоналиев көчөсүндө катталган.
"Анда 20 чарчы метр вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) каза болгон. Милиция кызматкерлерине маркумдун жансыз денеси өткөрүлүп берилди. Өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.