"30-0". Хабиб Нурмагомедовдун менеджери мушкер кайтып келет деп кыйытты

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз мушкердин сегиз бурчтукка кайтып келерин ачыктан-ачык кыйытты.

"30-0", - деп жазган өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Абдель-Азиз.

Бул сан 32 жаштагы Нурмагомедовдун UFCге кайтып келип, дагы бир мушташта жеңишке жеткен учурундагы статистикасын билдирет.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан