Ошто милиция кызматкери айдоочу менен жол талашып, ок чыгарды

Ошто ок атуу менен коштолгон ээнбаштык фактысы катталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү болжол менен саат 17:30да Ош шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган О.Р. арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн алдынан келген унаанын айдоочусу менен жол талашып, айтышып уруша кеткендиги айтылган. Уруштун кесепетинен каршысында келген айдоочу иниси жана атасы менен топтошуп арыздануучунун денесине жарат келтирип, ага карата ок чыгаргандыгын билдирген.
"Окуя болгон жерден ок атуучу травматикалык тапанчанын гильзасы табылды. Арыз ээсине денесинен алган жаратын аныктоо максатында соттук-медицианылык экспертиза дайындалды.
Аталган окуя боюнча арыз Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып тиешелүү иш кагаздар топтолгон.
Ыкчам жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ок чыгарган жаран А.А. экени аныкталып, ал ИИМдин транспорттук ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендиги белгилүү болду. Андан өз атына катталган травматикалык пистолет далил буюм катары алынды. Аталган факт "ээнбаштык" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши 11-ноябрь күнү менен Ош шаардык прокуратурасына кароо үчүн жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Talantus
2020-11-12 13:52:31
Жол талашкан копкондор, кутургандар. Курсагынын кичине тойгонун которо албагандар, аттин ай.
+6
nazira...
2020-11-12 22:15:34
Сабыр деген тугонгон да, куноо сенде болсо да ок чыгарбаш керек болчу да кызматтагы адам. Дагы булардын айлыгын кобойтом деп жатат, несине озун кармай албай ок атып атса.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан