Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Адахан Мадумаров "Кыргыз кризиси жана президенттик шайлоо" аттуу брифинг учурунда журналисттин жаштар тууралуу берген суроосуна жооп берди.
Саясатчынын айтымында, дүйнөдөгү мамлекеттерди бир топ улуу лидерлер башкарат.
“Мадумаров Трамп же Байден эмес. Байден, Трампка чейин мен дагы бир чейрек кылым жашашым керек. Ага салыштырмалуу мен жаш баламын да”, - деген Мадумаров.
Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров 55 жашта болсо, АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден 77 жашта.