Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анда Садыр Жапаровго "Де-Факто" гезитинен тышкы карыз боюнча суроо узатылды.
"Тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтү жакындап калганына байланыштуу көп сөз болуп жатат. Түштүк аймакка болгон иш сапарыңызда "өзүбүздүн кен байлыктар менен тышкы карыздарды төлөсөк болот, ушундай жолу дагы бар экен" дегенсиз. Сиз ушинтип айтып, оозуңузду жыйганча эле коомчулукта "Садыр Жапаров тышкы карызды төлөө үчүн Нарындагы жетим тоону бергени жатыптыр" деген кептер тарады. Эгерде сиз президент болуп калсаңыз тышкы карыздарды төлөө үчүн Нарындагы Жетим тоону инвесторлорго бересизби же бербейсизби? Эртеңки күнү Жетим тоонун тагдыры "Кумтөрдөй" болуп калбайбы?".
Жооп: "Жакшы суроо бердиңиз. Жетим тоонун 1 пайызы эмес бир тал куму берилбейт. Өзүбүз иштетебиз. Жетим тоо мененби же башка ресурстар мененби Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатабыз. Анын жолдору бар, табабыз. Чечилбеген маселе жок, аны да чечебиз. Жетим тоо боюнча айтылган кептер ушак сөз.
"Кумтөрдү" жакшы эске салып кеттиңиз. 8 жыл мурда "Кумтөрдү" алалы дегенде каршы чыгып, бут тосуп, керек болсо эки жолу камакка алышты. Мына 8 жыл өткөндөн кийин Садыр Жапаров ошондо туура эле айткан экен деп атасыздар. Ошондуктан биз "Кумтөрдүн" катасын кайталабашыбыз керек. Жетим тоодо 5 миллиард тоннадан ашык темирдин запасы бар деген сөз болгон. Бул эми 50 миллиарддын тегерегиндеги сырьёнун запасы бар. Карыздарды ошол сырьё берүү менен кутулсакпы деген сөз болгон, уланып жатат. Буга бир дагы чет өлкөнүн катышуусу болбойт, бир гана өзүбүз катышабыз", - деди ал.