"Кечээ эле митингге чыгышкан". "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы Алмаз Алимбеков кызматтан кетти

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын төрагасы Алмаз Алимбеков өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Ишкананын эмгек жамааты Алимбеков жакшы натыйжа көрсөткөн жетекчи болгонун кабарлашты.

Белгилей кетсек, Алмаз Алимбеков "Кыргызалтын" ачык акционердик коомун 2015-жылдан бери башкарып келген.

Эске салсак, кечээ, 11-ноябрда Эмгекчил, Казарман жана Кемин айылдарынын тургундары "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбековду кызматынан алынуусун талап кылып митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан