Бишкекте 25 жаштагы жаран токко урунуп каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрь күнү тез жардам кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, кырсык 26-сентябрь күнү Фрунзе көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде саат 13:30 чамасында болду. Ошондой эле өткөн суткада тез жардам кызматынын дарыгерлер тобу 535 чакырууга барып, 126 адам ооруканага жеткирилгени айтылды.