Кыргыз өлкөсү Казакстандан электр энергиясын 2,4 центтен сатып алат

2019-жылдан бери Нарын-Сырдарыя дарыясынын бассейнинде суу көлөмү азайган. Бул тууралуу "Электр станциялар" Ачык акционердик коому билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын башталышына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 миллиард метр кубду түзгөн, бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн 1,8 миллиард метр кубга аз.

Суу-энергетикалык ресурстарын сактоо жана электр энергиясынын ички керектөөлөрүн жабуу үчүн Токтогул суу сактагычындагы суунун керектүү көлөмүн камсыздоо максатында электр энергиясын импорттоону жүзөгө ашыруу зарыл.

Ушуга байланыштуу Казакстан сентябрь айынан декабрь айына чейин суткалык бирдей график боюнча 1 кВт саатка 2,4 цент баасында 500 миллион кВт саат өлчөмүндөгү электр энергиясын Кыргыз өлкөсүнө жеткирүүнү жүзөгө ашырат.

"Электр энергиясынын импортуна 1 кВт саатка АКШнын 2,4 цент жетишилген баасы алгылыктуу болуп саналат. Мисалы, Кыргыз өлкөсүнө электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдө тажикстандык тарап 1 кВт саатка 3,0 цент, казакстандык тарап 1 кВт саатка 2,5 цент баасын сунуштаган. Муну казакстандык тарап Өзбекстан менен 2020-жылга ушундай эле баада келишимге кол койгондугу менен түшүндүргөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazarnew
2020-11-12 16:44:56
Какой позор, өзүбүздөн свет и суу чыгып атып алардан сатып алып атсак, уят эле, электр энергиясында и сууда иштегендер и өкмөттөгү паразиттер бүт ресурстарды чет өлкөгө сатып кармандарына тыгып атышса, ага да тойбой сугунуп атышса, өлүп эле калгыла позорлор элдин ырыскысын жеген тварлар. Миллион кылым тозокто күйсөңөр экен.
+9
futboler
2020-11-12 18:51:40
Алтыныбыз бар акылыбыз жок шордуу эл экенбиз, сууларыбыз, ГЭСтерибиз бар туруп чөлдөн свет сатып алып отурабыз.
+4
stom1
2020-11-12 22:50:22
Өзүбүздөн барган сууну кайра свет кылып сатып алат экенбизда
+1
bond02
2020-11-12 23:51:31
Садырбай бир нерсе де эми.
0
Tyty1990
2020-11-13 10:38:54
Шордуу кыргыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан