Футбол боюнча 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугу жана 2023-жылы Азия чемпиондугуна тандап алуудагы Кыргыз улуттук курамасынын катышуусундагы оюндар 2021-жылдын март айында башталат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан (КФС) билдиришти.
"Кечээ, 11-ноябрда Азия Футбол Конфедерациясынын (АФК) онлайн жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Азия квалификациясынын экинчи турундагы бардык оюндар 2021-жылдын 15-июнуна чейин анын ичинде 7 жана 8-март күндөрү жана 2021-жылдын 9 жана 10-июнь күндөрү менен аякташы керек деп макулдашылды. Азия чөлкөмүндөгү тандап алуу оюндарынын акыркы туру 2021-жылдын сентябрь айында башталат", - деп билдиришти КФСден.
"Ак Шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5 турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япониядан кийин 7 упайы менен 2-орунда келе жатат. Эми алар Мьянма жана Япония менен конокто, Монголия менен өз үйүндө оюн өткөрөт.