"Окууну онлайн режимге өткөрүүдө эмгеги чоң". Каза болгон министр Каныбек Исаковдун өмүр баяны

Бүгүн, 12-ноябрда мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун пневмония дартынан улам каза болгону маалымдалды. Ал 2019-жылы 11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалып, 2020-жылдын октябрь айына чейин бул кызматта иштеди. Билим берүү жана илим министри болуп бир жыл иштеген Исаков SUPER.KG порталына маек куруп жатып, иш ыргагы оор учурга туш келгенин айткан.

“8-апрелден баштап билим берүү тарыхында биринчи жолу орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баарында дистанциялык окутуу процесси киргизилди. Албетте, бул өлкө аймагында коронавирус катталып, карантин жарыяланганына байланыштуу аргасыздыктан жасалган кадам болду” деген ал.

Каныбек Исаков 51 жашта болчу. Маркумдун артында келинчеги жана 4 баласы калды.

Исаков Каныбек Абдуваситович 1969-жылы 4-июнда Ош областына караштуу Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. Эмгек жолун 1986-жылы Ноокат районундагы Бел-Өрүк колхозунда кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.

1987-жылы Ош мамлекеттик университетине тапшырып, 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1988-1990-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу:

1993–1997 — ОшМУнун филология факультетинин окутуучусу; 1995 — “Нур” гезитинин башкы редактору;

1997–1999 — ОшМУнун филология факультетинин деканынын орун басары;

1999–2000 — ОшМУнун улук окутуучусу;

2000–2005 — ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректору;

2005–2006 — ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору; 2006–2011 — Ош мамлекеттик педагогикалык институнун ректору (ОМПИ);

2011 – 2019 – ОшМУнун ректору;

2019 – 2020 – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри.

Каныбек Исаков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген. Бул учурда ОГПИ педагогика тармагындагы сапаттуу кадрларды даярдоочу бирден-бир окуу жайга айланган.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын жетектеп турган учурда университетте окутуу процессин жакшыртуу, окуу процессин башкарууну автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын кийирүү, инфраструктураны жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, бир нече окуу-өндүрүштүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган. 10дон ашык жаңы окуу имараттарды жана студенттер үчүн жатакана, медициналык клиникаларды куруп, өндүрүшкө берген.

Анын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети Борбордук Азиядагы алдыӊкы окуу жайлардын катарын толуктаган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп турган учурда өлкөбүздүн билим берүүсүндө чоӊ өзгөрүүлөр орун алганына коомчулук күбө болду. Билим берүү жана илим багытындагы иштерди алга жылдырып, пандемия учурунда билим берүүнүн үзгүлтүккө учурабай улануусуна чоң салым кошо алган.

Каныбек Исаков илимпоз катары да үзүрлүү эмгектенген. 2001-жылы кандидаттык диссертациясын, 2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Окумуштуу катары “Байдылда Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары” (2000-жыл), “Тамсил: Жанрдын генизиси жана эволюциясы” (2008-жыл), “Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер” (2009-жыл), “Тамсил кудурети” (2010-жыл.), “Айтматовдун чыгармалары мектеп театрында” (2010-жыл.), “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде окутуу” (2011-жыл), “Кыргыз балдар адабияты” (2012-жыл) ж.б. илимий монографиялардын, окуу-усулдук колдонмолордун, 150дөн ашуун илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон.

Окумуштуу педагог катары бир нече аспиранттарга жол көрсөтүп келген. Анын жетекчилиги менен 2 кандидаттык диссерация ийгиликтүү корголгон. Мындан тышкары "Жүрөгүмдөгү сөз", "Акыл-эстеги сөз", "Дилдеги ойлор" аттуу публицистикалык макалалар жыйнагы жана "Купуя сезим" ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Каныбек Исаков коомдук ишмер катары да өзүн көрсөтө алган. Ош шаардык Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болуу менен өлкөбүздө жана Ош шаарында билим берүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп келген. Үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси (2005–жыл), "Кыргыз тили" төш белгиси (2006-жыл), Чыңгыз Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги (2007-жыл), Сока-Гаккай университетинин "Ардактуу профессору" (Япония, 2010-жыл), Кастамону университетинин "Ардактуу профессору" (Турция, 2012-жыл) Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2014-жыл) ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

Мындан сырткары, 2012-2013-жылдары "Кыргыз Туусу", "Эркин-Тоо" гезиттери уюштурган сурамжылоолордо “Жылдын мыкты ректору”, “Жыл адамы” номинацияларына татыктуу деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dastanali
2020-11-12 17:20:53
Аллах өз рахматына алып, бейишин берсин. Кошуңуз агай!
+15
sabirdinovich
2020-11-12 17:43:53
Жакшы киши эле, Аллах Таала бейишинен орун берсин
+10
ZhanMM
2020-11-12 17:59:12
Эхх Covid 19, дагы канчалаган адамдарды алып тынаар экенсин? Агай - инсан катары да, жетекчи катары да мыкты эле ...
+10
Flowhive
2020-11-12 18:10:23
Эң жакшы адис эле ,эх...жайы жаннаттан болсун
+11
JaneEr
2020-11-12 18:24:39
Жайы жаннаттан болсун.Окунучтуу...
+7
Nusii
2020-11-12 18:29:32
жакшы киши эле, жайы жаннаттан болсун
+7
Asel69
2020-11-12 19:40:54
Жараткан Тенирим жаткан жерин жай кылсын
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан